• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаӊы депутат Чыңгыз Макешов парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Чыңгыз Макешов ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Ал Өзгөн шаарынын мэрине шайланганына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Нодирбека Каримовдун ордуна келди.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий