• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаӊы депутат Бакиров парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.12.18. /Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында жаӊы депутат Өмүрбек Бакиров ант берип, депутаттык кызматка расмий түрдө киришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Өмүрбек Бакиров Борбордук шайлоо комиссиясынан депутаттык күбөлүктү жана төш белгини алган. Ал 24-декабрда кызматын тапшырууга арыз жазган Музаффар Исаковдун ордуна келди. Кечээ күнү БШК анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтоткон эле.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бакиров буга чейин “Ата-Журт” партиясынан Жогорку Кеӊештин V чакырылыштагы депутаты болгон.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты статусу жөнүндө” мыйзамынын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин расмий түрдө өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий