• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жаңы депутаттар шайланып келгенге чейин азыркы парламент иштей берет – Текебаев

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жаңы депутаттар шайланып келгенге чейин азыркы парламент иштей берет. Бул тууралуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан парламенттин кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди.

Журналисттер Өмүрбек Текебаевге Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары бүгүн, 28-октябрда аяктаса депутаттар ишин токтотобу же уланта береби деген суроо узаткан.

"Эгер парламенттик шайлоо эрте же кеч өтүп калса, ошого жараша мурунку чакырылыштын депутаттары иштей берет. Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары жаңы парламенттин биринчи жыйыны башталганга чейин иштейт. Бүгүн акыркы күн дейли, парламент кетсин, алдыдагы парламенттик шайлоо кандайдыр бир себептерден улам болбой калса, анда өкмөттү же башканы ким легитимдештирет. Мындай болбосун деп кийинки депутаттар, президент келгенге чейин мурунку аткаминерлер ишин уланта берет", - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жаңы дайындалган өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий