• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Жаңы доорго кырк кадам” долбооруна жашыл экономика принциптери киргизилет - Абдыгулов

Экономика 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. “Жаңы доорго кырк кадам” долбооруна жашыл экономика принциптери киргизилет. Бул тууралуу “Жашыл экономика: теориядан тажрыйбага. Бизнестин жаңы мүмкүнчүлүктөрү” форумунда КРнын вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов.

Анын айтымында, бүгүн Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө белгилүү бир кооптонууларды түзгөн экологиялык мүнөздөгү маселелер менен бет келүүдө.

“Коркунучтардан энергетиканы үнөмдөөчү технологияларды киргизүүнүн начардыгын, альтернатива түзбөстөн жаратылыш ресурстарын жок кылуу жана табигый экосистеманы жоготууну бөлүп көрсөтүүгө болот. Кыргызстан үчүн климаттын өзгөрүүсү олуттуу коркунуч алып келиши мүмкүн. Суу ресурсу кыйла опурталдуу”, - деди Абдыгулов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жашыл экономиканы түзүүгө бардык шарттар бар.

“Бул багыт артыкчылыктуу. Биз бул багытта бара жатабыз”, -деп кошумчалады ал.

“Өкмөт тарабынан “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорун баштады. Жашыл экономика бул программага киргизилет”, -деп белгиледи Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий