• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Жаңы экономика министри Санжар Муканбетов жамаатка тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. КР экономика министри болуп жаңыдан дайындалган Санжар Муканбектов вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун катышуусунда жалпы жамаатына тааныштырылды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын экономика министри болуп дайындалды.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров экономика министри Муканбетовду тааныштырып, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы мол экендигин белгиледи.

Өз кезегинде министр С. Муканбетов ага көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн туруктуу өнүгүшү үчүн болгон күч аракетин жумшай тургандыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий