• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жаңы фактылар ачылды. Зилалиев эки айга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 7-декабрында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында З.Д., мүлкүнө карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Маалым болгондой, 2011-2017-жылга чейин Зилалиев мамлекеттик түзүмдөрдө ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген. Алсак, Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы, КР Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору.

2011-2016-жылдар аралыгында Зилалиев тарабынан расмий түрдө киреше, чыгаша, мүлктөрү тууралуу декларация тапшырган - 2 млн. 541 миң 527 сом. Ошол эле убакыт аралыгында анын жубайынын кирешеси 408 миң сомду түзгөн.

Бирок, тергөө амалдарын жүргүзүүдө Д.З.нын булактары такталбаган ири акча каражаты жана өзүнүн расмий кирешелеринен ашкан мүлкү бар экени аныкталган.

Шектелүүчүнүн мамлекеттик кызматты ээлеп турганда декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 доллар акчасы бар болгон. Ал бул каражаттарын 2018-жылдын сентябрь айына чейин коммерциялык банктардын филиалдарынын бириндеги банк уячасында сактаган.

Мындан тышкары, Д.З.нын декларацияда ачыкталбай, мүлктүн ага таандыгын жашыруу максатында туугандарына жана аны менен кызыкчылыгы бир адамдарга катталган кыймылсыз мүлк (батир, турак үй, жер тилкелери) түрүндөгү активдери аныкталган.

2017-жылдын 17-апрелинде Д.З.нын туугандарынын биринин атына Бишкектин борборунда жайгашкан 2 кеңсе бөлмөсү каттатылган. Сатуу-сатып алуу келишимине ылайык, алардын наркы 34 млн. жана 19 млн. сомду түзгөн.

Мындан тышкары Д.З. Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турганда жумушсуз тууганына КРнын алтын, аки таш жана башка кендерине бир катар лицензияларды түзгөн.

Д.З. айыпталып жаткан беренеде мыйзамсыз баюу – кызмат адамынын негиздеп бере албаган өзүнүн мыйзамдуу кирешелеринен ашыкча активдеринин артышы катары сыпатталат.

Буга байланыштуу тергөө органдары кызмат адамы үчүн активдеринин мыйзамдуулугун негиздеп бере турган жол анын кирешелери тууралуу декларациясы деген көз карашты карманышат.

Учурда кармалган Д.З. УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий