• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

“Жаңы китеп” мекемеси 12 миңден ашуун окуу китебин басып чыгарды

Билим 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Жыл башынан бери Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Жаңы китеп” мекемеси мектеп китептерин басып чыгарууга каражат тартуу боюнча иш алып барууда.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, азыркы күнгө чейин Катардын кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен 5-6-класстын окуучулары үчүн “Көркөм өнөр”, “Технология” дисциплиналары боюнча кыргыз жана орус тилде 12 миң 380 даана китеп басып чыгарылды.

Бишкек шаарына 2 миң 335 китеп берилди. Анын 1 миң 300ү кыргыз тилиндеги, 1 миң 235и орус тилиндеги окуу куралдары.

Чүй облусуна 8 миң 800 даана китеп бөлүндү (3 715 экземпляр - кыргыз тилинде жана 5 085 – орус тилинде). Ысык-Көл облусуна 960 даана китеп жөнөтүлдү.

“Берилген окуу китептер жакынкы 5 жылга ижарага берилет, ижарадан топтолгон каражатка жаңы окуу китептери басылып чыгарылат. Бир жылдын ичинде биз ар кандай уюмдар, эл аралык фонддор жана жеке компаниялар менен жаңы окуу китептерин басып чыгарууну каржылоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик, бирок тилекке каршы пандемия өзгөрүүлөрдү киргизди. Кызматташууга кызыкдар болгон көптөгөн уюмдар долбоорлорду ишке ашырууну убактылуу токтотушту. Бирок биз бул багытта иш алып барууну улантып жатабыз жана билим берүү секторун өнүктүрүүгө кызыкдар болгон адамдарды биздин долбоорлорду ишке ашырууга кошулуп, колдоо көрсөтүүгө чакырабыз”, - деди “Жаңы китеп” мекемесинин директорунун милдетин аткаруучу Төлөгөн Аматов.

Пикир

Оставить комментарий