• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы өкмөткө кимдер келмекчи

Саясат 0

БИШКЕК, 24.08.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КСДП парламенттик фракциясы өкмөттүн жаңы курамын талкуулады. “Кабарга” КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров өлкөнүн премьер-министри кызматына учурдагы президенттин аппарат жетекчиси Сапар Исаков көрсөтүлүп жатканын билдирди.

“Биринчи вице-премьер-министр кызматына Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов көрсөтүлүүдө. Күч түзүмдөрүн көзөмөлдөгөн вице-премьер Темир Жумакадыров болушу мүмкүн. Учурда ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп саналат. Вице-премьер Чолпон Султанбекова өз ордунда калат. Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев болушу мүмкүн. Ал учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы”, - деди ал.

Экономика министри да алмашуусу мүмкүн. Арзыбек Кожошевдин ордун президенттин аппаратынын каржы бөлүмүнүн башчысы Артем Новиков ээлеши ыктымал.

“Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев болушу мүмкүн. Ал эми Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы кызматын буга чейин бул ведомствонун төрагасынын орун басары болгон Улан Рыскулов ээлеши мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасынын орун басары Нурбек Абаскановду Мамлекеттик байланыш комитетинин башчылыгына болжошууда.

Зулпукаровдун айтымында, калган өкмөт мүчөлөрү өз орундарында калышат.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышуусуна байланыштуу премьерлик кызматынан кетти. Мындан улам 25-августта парламенттин кезексиз жыйыны өтөт.

Пикир

Оставить комментарий