• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы Конституция ачык-айкындуулукту алып келип, башаламан башкарууну жокко чыгарат – Жапаров

Президент 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жаңы Конституция ачык-айкындуулукту алып келип, өлкөбүздөгү башаламан башкарууну жокко чыгарат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" кыргыз улуттук маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Конституция кабыл алынгандан кийин өзгөрүүлөр төмөнкүдөй болот:

Учурда үч "күч" бар. Бул "күчтөр" 2010-жылдан бери иштеп келе жатат. Алар президент, парламент, өкмөт. Ар биринин ыйгарым укуктары бар, бирок жоопкерчиликти моюнуна алышпайт. Тагыраак айтканда, көптөгөн жетекчилер болгону менен эч ким элдин жана мамлекеттин тагдыры үчүн жооптуу болгон эмес. Эми Конституцияга ылайык, конкреттүү жооптуу адам аныкталды - бул президент.

Андыктан жарандар Конституциянын жаңы долбооруна добуш берсе, анда ал ачык-айкындуулукту алып келип, өлкөбүздөгү башаламан башкарууну жокко чыгарат. Бийлик келет жана кетет, бирок эл менен мамлекет кылымдар бою калат. Демек, эл менен мамлекет үчүн иштей турган башкаруу системасын түзүү керек. Эгерде эл Конституциянын жаңы долбооруна добуш берсе, бул туура чечим болот.

Башка өзгөрүүлөр кадр саясатына байланыштуу. Жумуш орундарга тааныш-туугандар менен эмес, кесипкөйлүгүнө жараша тандалып алынат. Мамлекеттик кызматтар оптималдаштырылат. Оптималдаштыруу өкмөттүн жаңы курамы бекилгенде эле башталган. Алдыда кемчиликтер боло турган болсо, толтурулат, каталар оңдолот. Чындыгында биринчи чечкиндүү кадамдар жасалды, ал эми конституциялык реформа аны толуктайт.

Пикир

Оставить комментарий