• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы Конституция: Өлүм жазасы жана жарандын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунуштары четке кагылды

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциянын жаңы долбооруна өлүм жазасы жана жарандын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунуштары четке кагылды. Бул тууралуу маалымат жыйында “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциянын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, аталган секция 3 күндөн бери иштеп жатат.

“Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча так классификация жүргүздүк. Биринчиден, жалпы принциптерди карадык. Экинчиден, жарандык, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды карап жатабыз. Ар бир сунушталган беренени кенен талкуулоодобуз”, - дейт ал.

Ал билдиргендей, аймактардан жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип сунуштарын берүүдө.

“Кечээ өлүм жазасын киргизүү боюнча сунуш каралды. Биз өлүм жазасын киргизүүнү кайра артка кетүү катары баалап, экинчи жагынан эл аралык стандарттарга, гумандуулук принцибине төп келбейт деп сунуш четке кагылды. Бүгүн КР жарандарын шайлоого катышууга милдеттендирели деген да сунуш түштү. Кыргызстанда ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу болгондуктан милдет коюу туура эмес. Ал сунуш дагы четке кагылды”, - деди ал.

Шерипов адам каза болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары милдеттүү түрдө маркумду көмүүгө жер бөлүп бериш керек деген сунуш түшкөнүн кошумчалап кетти.

"Жер маселеси Кыргызстандагы көйгөй болсо дагы биз аны укуктук милдет катары беките албайбыз. Аны тиешелүү мамлекеттик органдар карашы керектигин эске алып, сунуш четке кагылды", - деп билдирди Шерипов.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Андан кийин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий