• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы Конституцияда мамлекеттин социалдык жоопкерчилигине байланыштуу жакшы укуктар бар — Табышев

Коом 0

Үстүбүздөгү жылдын январь айындагы референдумда 80%дан ашык шайлоочулар президенттик башкаруу формасына добуштарын берди. Мындан улам президенттик башкарууга ылайык Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Февралда Жогорку Кеңештин сайтына Конституциянын жаңы долбоору жарыяланган.

Коомдук ишмер Өмүрбек Табышев учурда Кыргызстанга жаңы Конституция керектигин белгиледи.

“Учурдагы иштеп жаткан Конституция өзүнүн алсыздыгын көрсөттү. 10 жылдай өкүм сүрдү, бирок аткаминерлерге гана иштеп, элдин жашоосу өзгөрүүсүз калды. Конституция – элдин жүзү. Жаңы Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Буга чейин бир катар Баш мыйзамдар болду, жаңы Конституция өзүн жакшы жагынан көрсөтүшү керек”, - дейт ал.

Коомдук ишмер Конституциянын жаңы долбоорунда мамлекеттин социалдык жоопкерчилигине байланыштуу абдан жакшы укуктар бар экендигин белгиледи.

“Жаңы Баш мыйзамда ата-энесиз калган балдар 18 жашка чейин мектепте акысыз билим алышат жана мамлекет балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча милдеттенмени алат. Ошондой эле пенсия жана жөлөк пулдун өлчөмү жашоо минимумунан төмөн болбосу керектиги жазылган”, - деди Табышев.

Пикир

Оставить комментарий