• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы конуштар социалдык жактан тейленбей келет - депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Жогорку Кеӊеште 2009-жылга чейин өзүм билемдик менен салынып калган турак жайлардын тагдыры боюнча маселе каралган. Анын жыйынтыгында мекемелер аралык комиссия түзүлүү менен, алардын саны такталып чыккан. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, комиссиянын корутундусу Айыл чарба министрлигине тапшырылган, ошондон бери андан дайын жок. Көрсө, министрликте иштеген Далбаев деген неме маселени андан ары жылдырбай жатыптыр. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Комиссия мүчөлөрү ал маселени көтөрсөк, Далбаев Премьер-министрге туура эмес маалымат берип, 2009-жылга чейин өзүмбилемдик менен салынып калган турак жайлардын тагдырына байланыштуу маселенин чечилишине тоскоолдук жаратып жатыптыр. Бул маселенин артында он миӊдеген адамдардын тагдыры турат. Жаӊы конуштарда жашаган көптөгөн адамдар социалдык жактан тейленбей, балдары мектептерге алынбай келет. Өкмөт тезинен тийиштүү чараларды көрүп, бул көйгөйдү чечиши керек», - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий