• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы конуштар жарыктандырылууда — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы конуштарга жарык орнотууга өзгөчө көңүл бурулууда.

“Көлмө” конушунун, Сарыкулаков көчөсүнө 12 светодиоддук чырак, Илим көчөсүнүн боюна 17 фонарь орнотулду. Эми, Оренбург, Айдаралиев, Ош жана Ашхабад, Чехов көчөлөрүндө, ошондой эле Оренбург, Новосибирск, Ош жана Ашхабад чолок көчөлөрүндө дайыма жарык болот. Аталган аймактарга 30дан ашык чырак орнотулган", - деп айтылат маалыматта.

Жарыктандыруу иштери уланууда.

Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиздердин көчөңүздөрдө капыстан жарык өчүп калса, анда ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиздер үчүн иштейт: 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp: 0777 902 115, 0702 805-756.

"Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы социалдык тармактарда:
Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312
Instagram: @mp_bishkeksvet
Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий