• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы конуштарды жарыктандыруу кызуу жүрүүдө - Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. «Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Биринчи май районунун жаңы конуштарында тышкы жарыктандыруунун жаңы түйүндөрүн куруу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Жеңиш» жаңы конушунун Пригородный №3-№7, Молдокунов көчөлөрүндө тышкы жарыктандырууну өткөрүлүүдө. Аталган көчөлөргө 118 түстүү чырак, кронштейн орнотулуп, 4 миң 130 метр электр чубалгылары тартылды.

Ошондой эле «Калыс-Ордо» жаңы конушу жарыктандырылды. Конуштун №4, №5, №7, №8, №11, №13, №14, №106, №109, №112 жана №115 көчөлөрүнө чырактар үчүн 198 кронштейн орнотулуп, 7 миң 45 метр аба чубалгылары өткөрүлдү.

Азыркы учурда төмөнкү жаңы конуштарды жарыктандыруу кызуу жүрүп жатат:

«Ак Босого» конушунун Чүй № 28, № 34, № 52 көчөлөрүндө, Безымянный көчөсү, № 81 мектептин жанында;

«Аска-Таш» конушунун Жайылма, Кемин, Кронштад, Мессарош, Набережный, Садовая, Фучик көчөлөрүндө;

«Мурас-Ордо»конушунун №5, №10, №11 көчөлөрүндө;

«Салам-Алик» конушунун Жергетал, Кызыл-Алма, Көк-Сай, Күнгөй көчөлөрүндө.

«Щербаков» конушунун Умай эне, Улукман көчөлөрүндө.

"Бул конуштарга 430 түстүү диоддук чырак орнотулуп, 17 миң 143 метр аба чубалгылары тартылды. Тышкы жарыктандыруу үчүн жабдууларды орнотуу жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери Касым», «Көлмө», «Тынчтык», «Алтын-Бешик» жаңы конуштарында дагы өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий