• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы коррупцияга каршы стратегияда конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар иштелип чыккан - Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. «Жаңы коррупцияга каршы стратегияда коюлган максаттарды жана милдеттерди чечүү үчүн 82 конкреттүү антикоррупциялык иш-чаралар иштелип чыккан», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында, - деп кабарлайт президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Дамир Сагынбаев алардын ичинен эң актуалдууларын атады:

— коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча мамлекеттик институттардын ортосундагы иш-аракеттерди координациялоонун жана кайталанган функцияларды жоюунун натыйжалуураак механизмин киргизүү;

— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;

— коррупциянын деңгээлин өлчөө боюнча улуттук системаны түзүү;

— Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» мыйзамын натыйжалуу ишке ашыруу;

— коррупция жолу менен алынган, чет мамлекеттерге чыгарылган финансылык каражаттарды аныктоо жана кайра кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү;

— салык жана бажы төлөмдөрүнүн жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун толук ишке киргизүү;

— «Санариптик Кыргызстан» концепциясын толук ишке ашыруу жолу менен коррупцияны пайда кылчу факторлорду жана көрүнүштөрдү азайтуу;

— мамлекеттик сатып алуулардын бардык процессинин коомчулук үчүн максималдуу ачык-айкын болушун камсыз кылуу менен мындай сатып алууларды ишке ашыруунун жол-жоболорун жана механизмдерин өркүндөтүү;

— ченемдик-укуктук актылардын жана колдонуудагы мыйзам долбоорлорунун коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүүнүн жаңы системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;

— улуттук кызыкчылыктарга байланыштуу чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу;

— укуктук ченемдерди иштеп чыгуу процессине жарандардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишмердигине жарандык коом тарабынан көзөмөлдү күчөтүү;

— коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктууларга мамлекеттик органдардын жетекчилеринен көбүрөөк эркиндик берүү;

— коррупциялык укук бузуулар жөнүндө маалымат берген адамдарды коргоо боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү;

— айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү жана негизсиз көбөйтүлгөн штаттарды кыскартуу жолу менен мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу;

— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын жана социалдык жөлөк пулдарды жогорулатуу;

— мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупцияны жаратуучу факторлорду минималдаштыруу жолу менен жагымдуу инвестициялык климатты түзүү;

— медициналык-социалдык чөйрөдө жана камкорчулукка алуу, көзөмөлчүлүккө алуу жана асырап алуу маселелерин кароодо коррупцияны азайтуу;

— коррупциялык жана кызматтык кылмыштарды жасаганы үчүн сөзсүз түрдө жазалоону камсыз кылуу;

— укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын милдетин аткаргандардын арасындагы коррупцияны алдын алуу максатында чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерин кеңейтүү;

— жеке адам менен же ортомчу аркылуу таасир көрсөтүү, убада берүү, пара сураганы үчүн кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдык жактан бекитүү;

— бардык коррупциялык иштерде, анын ичинде мыйзамсыз киреше менен алынган мүлктү мамлекеттик кирешеге айлантуу фактылары боюнча мүлктү конфискациялоону колдонуу жөнүндө отчетторду системалуу түрдө жарыялап туруу.

Каралып жаткан Стратегиянын долбоорун иштеп чыгууга көз карандысыз эксперттер жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкандыгын кошумчалаган Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Стратегиянын долбооруна аны ишке ашыруу боюнча кошумча план иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий