• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаңы Кылмыш кодекси: Эми бир эле соттолгондордун мүлкү конфискацияланбайт

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Эми бир эле соттолгондордун мүлкү конфискацияланбайт. Бул тууралуу кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйыны маалында билдирди.

Анын айтымында, мурда эски Кылмыш процессуалдык кодекс боюнча конфискациялоо кошумча жазалоонун бир түрү болсо, жаңы кодексте адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылып-тартылбаганына карабай Кылмыш кодексинде каралып сот тарабынан колдонулган кылмыш-укуктук таасирдин башка чараларына тийиштүү болот.

"Эгер мурда бир эле соттолгондордун мүлкү конфискация болсо, эми жаңы КПК боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган адамдын да мүлкү конфискацияланышы мүмкүн. 96-берене конфискация тартибин так аныктайт: мүлктү конфискация жана алуу мүлктү кайтарымсыз алып, мамлекеттин менчигине өткөрүү. Ага ылайык айыптоо боюнча чечимдин негизинде кылмыш жасоонун жыйынтыгында алынган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, кылмышты каржылоого арналган же жумшалган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, кылмыш жасоонун жыйынтыгында алынган акча, баалуу буюмдар жана башка мүлктөр, андан түшкөн киреше, анын бир бөлүгүн же баарын башка нерсеге жумшаса башкача айтканда бир жерде бир нерсе уурдап, акчаны адалдандырып (мыйзамдаштырып), аны үй сатып алууга жумшаса, ал уурдаган бөлүгү конфискацияланат", - деди ал.

Ал белгилегендей мүлкү конфискациялаган адамдар жаңы жана кайра ачылган жагдайлар боюнча сотко кайрылууга укугу бар. Эми арызды жана даттанууларды чечимди кабыл алган сот карайт.

Пикир

Оставить комментарий