• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жаңы Кылмыш кодекси эми сотторго жаза өтөө мөөнөтүн өз каалоосу боюнча тандоого уруксат бербейт – прокурор

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Жаңы Кылмыш кодекси эми сотторго жаза өтөө мөөнөтүн өз каалоосу боюнча тандоого уруксат бербейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков билдирди.

Анын айтуусунда, ушул жылдын башынан жаңы кодекстер ишке кирген – кылмыш – аткаруу кодекстери, кылмыш-процессуалдык, майда кылмыштар жана укук бузуу кодекси жана пробация тууралуу мыйзам.

“Жаңы кодексте жазалар бир нече категорияларга бөлүнгөн. Эгер мурун соттор бир нече жазалардын арасынан каалаганын тандаганда укугу болгон болсо, азыр ар бир кылмышка, мүнөздүү жаза каралган”, - дейт прокурор.

Ал кошумчалагандай, бардык жазалар эркинен ажыратууга тиешеси жок. Булар көбүнчө айып же коомдук иштер. Жаңы кодекс сотторго каралган жазадан тышкары жаза чыгарууга жол бербейт.

Пикир

Оставить комментарий