• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы Кылмыш кодекси: Эркинен ажыратылгандар кайсыл жерде кармаларын сот эмес, комиссия чечет

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. Эркинен ажыратылгандар кайсыл жерде кармаларын сот эмес, комиссия чечет. Бул тууралуу ыкчам-издөө ишмердигин жана тергөөнү көзөмөлдөөчү Башкармалыгынын прокурору Айбек Жумабаев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынындан билдирди.

Анын айтуусунда, эгер мурун соттолуучунун кайсы жайда кармалаарын, кандай тартипте жаза өтөөрү тууралуу сот чечим чыгарса, эми бул маселелердин баардыгын комиссия чечет.

“Ошондой соттолгон адамдар менен пробация органынын адистери – психолог жана социологдор иш алып барат. Алардын максаты кылмыш кылган адамдарды “тартипке салып” жана туура жолго салуу”, - деп кошумчалады прокурор.

Пикир

Оставить комментарий