• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр качан берилери айтылды

Коом 0

Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мурда улуттук үлгүдөгү күбөлүктүн бланктары курс боюнча 925 сом (12 евро) турчу, азыр алардын баасы 100 мом 86 тыйын. Эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн бланкынын баасы 577 сомдон (7,5 евро) 52 сомго чейин арзандады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдиргендей, жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет.

«Ал Кыргызстандын аймагында гана эмес, анын чегинен тышкары дагы зор ишенимге ээ болот. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып турат. Атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болот», - деп белгиледи Абылгазиев.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания - «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий