• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы үлгүдөгү паспорт АКШнын кара тизмесинен чыгуудагы маанилүү иштердин бири – Батырканов

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Жалпы жарандык биометрикалык паспорт АКШнын кара тизмесинен чыгуудагы маанилүү иштердин бири. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов билдирди.

Анын айтымында, АКШ тарабынан киргизилген санкциянын бирден бир себеби КР жалпы жарандык паспортунда заманбап коргоо элементтеринин жоктугу.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын январь айында АКШнын президенти Дональд Трамп кыргызстандыктардын АКШга кирүүсүнө чектөө койгон.

Пикир

Оставить комментарий