• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы объекттерди куруу жана тейлөө кызматына окутуу – "Кыргыз туризм" ишканасынын милдеттерине эмне кирет?

Коом 0

Бишкек, 16.04.19. /Кабар/. Жакында түзүлгөн "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасы тейлөө кызматкерлерин окутуу жана жаңы туристтик объекттерди куруу, эскилерин калыбына келтирүү менен алектенет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында "Кыргыз туризм" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков билдирди.

Ал, учурда бул мамлекеттик ишкананын зарыл же зарыл эместиги боюнча сөздөр айтылып жатканын белгиледи.

Ошондой эле Казаков билдиргендей, мекеме кандай милдеттерди аткарары учурда талкууланып жатат. Бирок, "Кыргыз туризм" моюнуна ала турган так багыттар бар.

"Биринчи – чыгашалуу абалдагы же бузулган объекттерди калыбына келтирүү. Такыр иштебей, жабык турган айрым объекттер бар экенин билебиз. Маселен, эски пионер лагерлер, курорттук санаторийлер. Биз келечектүү туристтик объекттерди калыбына келтиребиз, башкысы – инвесторлорду табуу. Экинчиси – ошол инвесторлорду табуу. Биз туристтик аймактарды курабыз. Алар жолу салынган, инфраструктурасы түзүлгөн тоолуу жерлерде альп мейманканаларын куруудан баштап бассейн ж.б. кирген кластер десе болот. Башкача айтканда, жыл бою иштей турган тоо инфраструктурасын өнүктүрүү", - деди ал.

Андан тышкары, ишкананын үчүнчү багыты тейлөө кызматкерлерин окутуу болот.

"Туризм – турист көнүп калган кызматтар. Биз жылына 3 миңге жакын студентти мейманкана жана санаторийлерде иштөөнү окутууну пландап жатабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий