• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы окуу жылына карата 8 колледж реконструкцияланып жатат - Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлигине караштуу 8 колледждин окуу имараттарын жана жатаканаларын реконструкциялоо иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, студенттер жаңы окуу жылында жабдылган класстарда жана заманбап окуу-өндүрүштүк комплекстерде билим алышат. Колледждерде дарсканалар, лабораториялар, мугалимдер үчүн бөлмөлөр, ашканалар, жатаканалар, дааратканалар, эс алуу жайлары, жалпы аянты 40 миң чарчы метрден ашык орун жайлар оңдолуп жатат.

"Майыптыгы бар окуучуларга шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Жеткиликтүү шарттарды камсыз кылуу үчүн реконструкция учурунда чыгуу жерлери, дааратканалар, жашоочу бөлмөлөр курулуп жатат.

Курулуш жана оңдоо иштери аяктагандан кийин колледждер окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү үчүн шаймандар менен жабдылат. Мисалы, Кара-Балта техникалык-экономикалык техникумунун базасында автоэлектрониканы оңдоочу ишкана ачылып, Бишкек архитектура жана курулуштагы башкаруу колледжинде эмерек жасоочу цех, имараттарды желдетүүчү түтүктөрдү чыгаруу үчүн ишкана жана курулуш материалдарынын сапатын текшерүүчү лаборатория иштей баштайт", - деп айтылат маалыматта.

Колледждердин инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге компетенцияларга негизделген окутуу, жумуш жеринде практика өтүү, ишкердик боюнча сабак берүү, инженер-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кызыкдар тараптар менен социалдык өнөктөштүктү күчөтүү алдыңкы тажрыйба борборлорунун ийгиликтүү ишмердүүлүгүнүн негизин түзөт.

Колледждерди реконструкциялоо Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик техникалык билим берүү менен окутууну башкарууну жана каржылоону күчөтүү, окутуунун жана окуу шарттарынын сапатын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча курамабөлүктөрүн камтыйт.

Долбоордогу колледждердин тизмеси:
- Бишкек архитектура жана курулуштагы башкаруу колледжи,
- К. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин Токмок колледжи,
- С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агроэкономикалык колледжи,
- Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи,
- Т. Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-кен техникалык колледжи,
- Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи,
- Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи.

Пикир

Оставить комментарий