• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы окуу жылына Кыргызстан кандай даярданды?

Аналитика 0

Жалпы Кыргызстан боюнча 140 миң бала 1-сентябрда биринчи жолу партага отурушат. Жаңы окуу жылында мектептер 1 миллиондон ашуун окуучулар үчүн өз эшиктерин ачышат. Жыл сайын республикабызда жаңы окуу мекемелери ачылат. Акыркы алты жылда курулган 309 мектеп мамлекет боюнча жалпы орто билим берүү мекемелеринин санын 2236га жеткирди. «Бул буга чейинки жылдарга салыштырмалуу 2,5 эсе көп. 2016-жылы 98 мектепте капиталдык оңдоо жасалды. Бул максатта бюджеттен 1 миллиард 39 миллион сом бөлүндү», - мындай статистиканы КР экс-премьер-министри С. Жээнбеков август айынын орто ченинде Чолпон-Атада педагогикалык кеңеште сүйлөп жатып билдирген. Бул жолугушууда алдыдагы окуу жылы үчүн жана бардык эле мектептеги билим берүү системасы үчүн өкмөттүн приоритеттери айтылган.

Эски окуу жылы жаңы эле аяктары менен өкмөт жаңы билим берүү процессине даярдык көрүүнү баштаган. Ориентр так көрсөтүлгөн – жаңы окуу мекемелеринин курулушун аяктоо, анын ичинде түштүктө, табият кырсыктарынан жапа чеккендерди коопсуз мектеп чөйрөсү менен камсыз кылуу, окуу куралдарынын жетишсиздигин кыскартуу, Интернет жеткирүү, мыйзамсыз чогултууларга тыюу салуу. Өкмөттүн мурдагы жетекчиси тарабынан коюлган тапшырмалардын ар бирин чечүү жаңы окуу жылынын алдында туура жоопторго алып келди.

Коопсуз мектеп

Балдар өздөрүн коопсуз, ал эми педагогдор жана ата-энелер өздөрүн тынч эсептеген мейкиндик окуу мекемесинин имараты менен гана чектелбейт. Анын чегинен тышкары мыйзам жана тартип болушу керек, өзгөчө эгерде мекеме кооптуу зонада жайгашса – республикалык, жергиликтүү, эл аралык маанидеги жана шаардык магистралдык жолдордун боюнда. С. Жээнбеков тарабынан башталган мектептерге жакын коопсуздук боюнча долбоор 2018-жылдын 1-январына чейин төрт этап менен жол жана транспорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча комплекстүү иш жүргүзүүнү карайт. Экс-премьер «Бул иш ырааттуу жана максималдуу ыкчам жүргүзүлүшү керектигин» баса белгилеген. Биринчи кезекте атайын жол чырактары, жол белгилери менен жол кырсыктарынын болуп кетүү тобокелчилиги жогору аймактагы мектептер жабдууланышы керек. Болбосо, жол кырсыктарынан каза болгон жана жаракат алган окуучулардын өкүнөөрлүк статистикасы дагы да өсө берет.

Бул буйрукка жооп катары транспорт жана билим берүү министрликтери жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте 1232 жол белгисин, 218 «жаткырылган» полицейскийлерди, 215 жерди белги менен (разметка) белгилешти. Башталгыч этапта мектептердин жанына 42 чакыруучу (кнопканын жардамы аркылуу кол менен которулуучу) жол чырактарын орнотуу пландаштырылган. Анын жетөө бүгүнкү күндө Нарын жана Ош облустарында билим берүү мекемелеринин жанында кыймылды жөнгө салып турат, калганы 1-сентябрга пайда болот.

Педагогикалык кадрлар: квалификацияны жогорулатуу жана социалдык колдоо

Жаңы форматтагы окутуучулар – С. Жээнбековдун жетекчилигиндеги өкмөт тарабынан демилгеленген дагы бир долбоор. Азыркы билим берүү системасы мугалимден өзүнүн квалификациясын жогорулатып жана түрдүү багыттарда өнүгүү менен дүйнөлүк стандарттарга адаптацияланышын талап кылат. Жаңы окуу жылында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курсунун акысын караган «ваучердик системаны» сыноого алуу болот. Ошону менен катар курстардын формасын жана өтө турган жерин педагогдор өз алдыларынча тандашат. Курстардын аякташы менен берилген кепилденген сертификаттар окутуучуларды атаандаштыкка жөндөмдүү, ал эми алардын кызматын сапаттуу кылат.

Министрлер кабинетинин экс-башчысы кайсы бир учурда «мугалим болуу – бул өтө татаал иш, ал жогорку концентрация жана дайымкы нервдик чыңалуу менен байланыштуу» деп айтканы бар. Бул үстүртөн эмес, анын өмүр-таржымалында мугалимдик баракча бар болгондуктан чын ниеттен айтылган. Педагогдун эмгеги татыктуу төлөнүшү керектиги боюнча жеке көз карашы айлык акы маселесин чечүүгө жардам берди. Анын көлөмү акыркы убактарда 3,5 миң сомдон 13,8 миң сомго чейин көтөрүлө алды. КР өкмөтүндө биринчи жолу педагогдордун айлык акысын мамлекет боюнча орточо айлык акы менен салыштырууга мүмкүн болду. Бул дароо эле статистикадан көрүндү: республикада 79 708 мугалим бар, ваканттык катары болгону 401 орун калууда. Ал эми үч жыл мурда мектептерде 3 миң окутуучу жетишпей аткан.

Педагогдорду колдоого дагы бир кадам – алардын эс алуусун уюштуруу. Бул жылы мугалимдерге Ысык-Көл жээгинен «Асыл» пансионаты берилди, ал жыл бою курорттук-ден соолукту чыңдоо борбору болот. Пансионаттын реконструкциясы жана дарылоочу корпусунун курулушуна өкмөт 377 миллион сом багыттады.

Ноябрда мектепке

Бул жазда табият катаклизмдеринин эпицентринде болуп калган Чоң-Алай, Өзгөн жана Сузак райондорунун окуучулары үчүн кечиккен окуу жылы башталат. Жети жаңы мектеп ноябрь айында гана окуучуларды кабыл ала алат. 1-сентябрда эле кыш келип калган Чоң-Алай районунун катаал климаттык шартында курулуш иштери тездетилген темпте жүрүүдө. Бирок, ошол эле убакта өтө шашуу жана техникалык нормаларды сактабоо акчаны жана күчтү бекерге эле коротуу менен барабар. С. Жээнбеков өзүнүн премьерлик убагында кол алдындагылардан ишти өтө кылдат аткарууну жана сапаттуу гана курулуш материалдарын колдонууну талап кылган.

Ар бир мектепке интернет

Интернет – окуу процессинин милдеттүү стандарты катары ар бир мектепке киргизилиши керек, жадакалса эгерде ал алыскы чек аралык зонада жайгашкан болсо да. Бүткүл дүйнөлүк желеге кошулуу жана интернет-технологиясын колдонуу – бул мамлекеттик органдарда жалпы электрондук башкаруу системасынан калышпашы керек болгон заманбап жана прогрессивдүү мектептерди өнүктүрүү үчүн милдеттүү шарт. Заманбап интернет-технологияны колдонуу менен билим берүү процессинин жаңы структурасын куруу маселеси өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болду. Мына ошонун арты менен бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 467 мектеп Интернетке кошулду. 2017-2018-окуу жылында алардын саны дагы 775 мектепке көбөйөт (экс-премьер-министрдин буйругу менен бул тапшырманы профилдик органдар 1-сентябрга карата аткарышы керек). Мындай жол менен мамлекетибиздеги орто окуу мекемелеринин 60%ы Интернетке кошулат. Бул үчүн өкмөт 112 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөн. Калган мектептер 2018-жылы «Таза коом» долбоорунун алкагында Интернет менен камсыз болушат.

Окуу куралдары жана электрондук китептер

Окууда заманбап технологияларды колдонбостон, албетте көп нерселерди колдон чыгарып жиберишибиз мүмкүн. Бирок, окутуунун салттуу элементтерисиз андан да кыйыныраак болот. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө окуу мекемелери окуу куралдары менен 83,5%дан ашуун камсыздалган. 10 жыл мурдагыга салыштырсак, бөл көрсөткүч 60%ка да жеткен эмес, мунун өзү өкмөттүн окуу куралдарынын жетишсиздигин кыскартуу боюнча ишинин натыйжалуу болгонун көрсөтүп турат. Кагаз түрүндөгү варианттын альтернативасы болуп электрондук вариант популярдуу болууда. Бул варианттын базасында 369 окуу куралдары бар. Мындан сырткары ата-энелер жана окуучулар эркин мүмкүнчүлүктө 566 диссертация жана 794 сейрек цифралаштырылган китептерди көчүрө алышат. Мектептердин базасында ар бир райондо жана шаарларда 60 электрондук китепканалар түзүлдү.

Келечектин камы

Өкмөт ата мекендик билим берүү системасын өркүндөтүү багытындагы өз аракетин жалпыга жарыя салбай эле коюлган максатка ишенимдүү кадам таштоодо. Мамлекеттик бюджеттин төрттөн бири – 28 млрд сом жыл сайын билим берүүнү колдоого жана өнүктүрүүгө жумшалып жаткандыгы коомдук башкы продукты эсептелген билим берүү, аны менен бирге илимий прогресстин инновациялык табылгалары менен тааныштырууга багытталган ырааттуу саясат бар экендигин далилдөөдө. С.Жээнбековдун өкмөтү из салган бул келечектүү кадамды министрлердин жаңы кабинети улантышы зарыл. Билим берүүгө салынып жаткан инвестициялар келечекте өлкөбүздү экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн башкы факторлорунун бири болгон - күчтүү адам капиталы менен камсыз кылат.

Пикир

Оставить комментарий