• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы паспорт алууну каалагандардын саны көп болгондуктан, Бишкек калкты тейлөө борборлорунун иш убактысы узартылды - МКК

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Жаңы паспорт алууну каалагандардын саны көп болгондуктан, Бишкек Калкты тейлөө борборлорунун (КТБ) иш убактысы 19:00гө чейин узартылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2-майдан тарта бардык калкты тейлөө борборлорунда жана паспорттук-визалык каттоо бөлүмдөрүндө ID-карталарды 2017-жылдагы үлгүдөгү электрондук биометрикалык идентификациялык карталарга алмаштыруу үчүн электрондук анкеталарды кабыл алуу иштери жүрүп жатат.

Кабыл алуунун биринчи күнүндө эле эски паспортторун жаңысына алмашытырууну каалаган жарандар өлкө боюнча көп болгон. Жарандарды кабыл алуунун рекорддук саны Бишкек шаарындагы КТБда 1 миң 498 адамга жеткен.

Республика боюнча 2-майдан тарта 4 миң 556 анкета кабыл алынган.

МКК паспортту алмаштырууга бир дагы жаран мажбурланбай тургандыгын белгиледи. “Эгерде мажбурлоо фактысы белгилүү болсо, 119 чалуу борборуна же (0312) 62-41-40 ишеним телефону аркылуу чалыңыздар”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий