• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы Салык кодекси: Дыйкандар менен кооперативдер сатыктан түшкөн салыктан бошотулат

Экономика 0

Бишкек, 22.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда 4-августта Салык кодексинин жаңы редакциясы жөнүндө мыйзам кабыл алынды, эми айыл-чарба өндүрүүчүлөрү жана айыл-чарба бирикмелери сатыктан түшкөн салыктан бошотулат. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР экономика министри Олег Панкратов эски жана жаңы кодекстин ортосундагы айырмачылыктар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, биринчи кезекте дароо үч тармак боюнча кеп болот.

“Эң маанилүүсү – көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуунун тартиби. Бир нече этап болгон. Бүгүнкү учурда бир гана көзөмөл кассалык машиналарды гана эмес, көзөмөл программалык камсыздоо менен да колдонууга мүмкүндүк берет. Касса машинасынын ордуна компьютер, планшет жана бардык гаджеттерди колдонууга болот. Бул абдан ыңгайлуу жана баа жагынан пайдалуу. Салык кодексине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен чечилген экинчи чоң маселе – бул кошумча наркка салыкты (КНС) кайтаруудагы комиссияны жоюуга байланышкан.

Коорупция жана жамааттык жооперчиликтин жоктугуна байланышкан кылмыш иштери бардыгыбызга маалым. Азыркы учурга чейин ким так күнөөлү экендигин аныктоо оор. Эми болсо жоопкерчилик Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу адамдарында болот”, - деп билдирди экономика министри.

Пикир

Оставить комментарий