• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар комитеттердин санын аныктоо, алардын ишин алып баруу маселелерин талкуулашты.

Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоо боюнча атайын жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен аталган комиссиянын төрагасы, депутат Султанбай Айжигитов тааныштырды.

Анын айтымында, комиссия парламенттин түзүмү боюнча бир нече варианттарды караган. “Талкуунун жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин төрагасынын төрт орун басары жана жети профилдик комитеттин курамы сунушталууда”, - деп кошумчалады Айжигитов.

Комиссия жети комитетти сунуш кылган:

  1. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
  2. Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу, өнөр жай саясаты жана экология боюнча комитети;
  3. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети;
  4. Финансылык жана экономикалык саясат боюнча комитет;
  5. Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитети;
  6. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети;
  7. Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитети.

Талкууда депутат Адахан Мадумаров ЖК төрагасынын эки орун басарын калтырып, комитеттердин санын 12ге чейин көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Ал белгилегендей, маданият чөйрөсүндөгү маселелерге жана өлкөнүн бюджетин түзүүгө өзгөчө көңүл буруу керек.

Депутат Мирлан Самыйкожо Агрардык саясат боюнча өзүнчө комитет түзүү керектигин, маданият маселелерин Социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитеттин карамагына киргизүү керек деп эсептейт. Депутат Надира Нарматова үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө байланыштуу гендердик маселелерге, анын ичинде аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Талкуунун соңунда депутаттар айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен Жогорку Кеңештин түзүмүн кайра кароону комиссияга сунушташты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Жогорку Кеңештин түзүмүн кароону 12-январга калтырды.

Пикир

Оставить комментарий