• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы социалдык долбоор: Ата-энелер балдарын жеке менчик бала бакчаларга 50% жеңилдик менен бере алышат

Коом 0

Бишкек, 27.05.19. /Кабар/. Бишкекте 1-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө социалдык долбоор өз ишин баштайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик белгилегендей, мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону кеңейтүү максатында мамлекет жеке менчик бала бакчалар көрсөткөн кызматы үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50% өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

- көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп бала);

- аз камсыз үй-бүлө;

- баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жалпы кирешеси 12 миң сомдон кем болсо;

- ата-энесинин бирөөсү I же II топтогу майып болсо;

- ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем болсо.

"Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер өзүнүн өтүнмөлөрүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында жайгаштырылган", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий