• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаңы спортзал спортчу кыздарга дагы көп байгелерди багындырууга түрткү берет — Тыныбекова

Спорт 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын ачылыш аземи өттү.

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова спортзалдын ачылышы спортчу кыздар үчүн тарыхый окуя экенин белгилеп өттү.

“Көп жылдан бери өзүбүздүн машыгуу залыбыз жок болуп келген. 2021-жылдагы Токио Олимпиадасынан кийин президент Садыр Жапаров кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн бул маселени чечип берерин билдирген. Ал убадасын аткарып, бүгүн спортзал ачылды. Бул үчүн ага ыраазычылык билдиргим келет. Жаңы спортзал спортчу кыздарга дагы көп байгелерди багындырууга түрткү берет деп ишенем”, - деди Тыныбекова.

Пикир

Оставить комментарий