• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Премьерликке талапкер Марипов өкмөттүн курамын жана түзүмүн тааныштырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Бүгүн конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өкмөттүн жаңы курамын карап жатат. Буга чейин премьер-министрликке сунушталган Улукбек Мариповдун талапкерлиги коалициялык көпчүлүк тарабынан жактырылган.

Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы 16 өкмөт мүчөсүнөн турат.

Тизме:
- премьер-министр – Улукбек Марипов;
- биринчи вице-премьер-министр – Артём Новиков;
- экономика жана финансы министри – вице-премьер-министр – Улукбек Карымшаков;
- өкмөттүн аппарат жетекчиси – Жеңиш Асанкулов;
- коргоо министри (президент менен макулдашуу боюнча) – Таалайбек Өмүралиев;
- тышкы иштер министри – Руслан Казакбаев;
- юстиция министри – Асел Чыныбаева;
- саламаттыктык сактоо жана соцөнүктүрүү министри – Алымкадыр Бейшеналиев;
- билим берүү министри – Алмазбек Бейшеналиев;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри – Кайрат Иманалиев;
- өзгөчө кырдаалдар министри – Бообек Ажиев;
- ички иштер министри – Улан Ниязалиев;
- транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри – Гулмира Абдралиева;
- энергетика жана өнөр жай министри – Кубанычбек Турдубаев;
- айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри – Аскарбек Джаныбеков;
- улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (президент менен макулдашуу боюнча) – Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий