• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы тартылган "Акыркы көч" тасмасы Таллин кинофестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Режиссёр Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулунун жаңы тарткан "Акыркы көч" тасмасы "Темные Ночи" PÖFF Таллин кинофестивалынын сынактык программасына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Таллин кинофестивалы - Канн, Берлин, Венеция жана башка алдыңкы дүйнөлүк кинофестивалдар сыяктуу “А” класстагы элиталык категорияга кирет.

Фестиваль салттуу форматта 2020-жылдын 18-19-ноябрь күндөрү Эстонияда өтөт.

“Акыркы көч” көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы менен “Билимкана” коомдук фонду биргеликте өндүргөн.

Тасманын сценарийинин автору жана режиссеру Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу, ал эми продюссер катары Элнура Осмоналиева катышкан.

Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурман Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Усенова, Өмүрзак Токтомуратов сыктуу белгилүү актерлер тартылган.

Режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу: Биз, “Темные Ночи” сыяктуу абройлуу кинофестивалдын конкурстук программасына киргенибизге абдан кубанычтабыз. Быйыл пандемияга байланыштуу 5 ири фестиваль иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартышты. Ошондуктан тасмалар көп болду, ошого жараша ири фестивалдардын сынактык программасына катышуу үчүн атаандаштык да бир топ болду”, - деп билдирди.

Пикир

Оставить комментарий