• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаңы техрегламент коопсуз экспортту камсыз кылат

Аналитика 0

ЕАЭБнин 18 техникалык регламенти үстүбүздөгү жылдын 12-августунда күчүнө кирет. Бул, Кыргызстандын ата-мекендик азыктары Бажы Биримдигине кирген өлкөлөрдүн бирдиктүү системасына кирет дегенди билдирет. Бул техникалык регламенттер ЕАЭБ өлкөлөрүнө кирген мамлекеттерге Кыргызстандын азыктарын экспорттоодо болгон бардык тоскоолдуктарды толугу менен жоюп, жергиликтүү өндүрүүчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүүсү керек.

Техникалык регламент экспорттолчу продукциянын/кызмат сунуштоонун же алар менен байланышкан иштерди жана өндүрүү ыкмаларын белгилейт. Анын ичинде терминологияга, белгилерге, каптоого, маркировкалоого жана этикеттөөгө жана ушул сыяктуу маселелерге көңүл бурулат. 12-августтан тартып эми Кыргызстан үчүн бул техникалык регламентти сактоо зарылдыгы башталат.

Бажы Биримдигине кирген өлкөлөр Кыргызстандын мамлекеттер аларык альянска кирүүсү оңой болушу үчүн каржылоо жаатында көмөк беребиз деп коюп, аткарбай койгон. Ошону эске алып, өкмөт бул техникалык регламент маселесин аткарыла турган артыкчылыктуу иш-чаралардын катарына кошту. Май айында эле С.Жээнбеков ЕАЭБ техникалык регламенти боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө талаптардын аткарылбай жатканын айтып, кол алдында иштегендерди сынга алган эле.

«Эгерде Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна кирбей кала турган болсо, анда жоопкерчилик өкмөттүн мойнунда болот. Министрлер кабинетинин иштөөсү жетишсиз болуп атат. Техникалык регламентти 12-августка чейин бүтүрүү зарыл. Токтом чыккан, эгерде аткарылбай кала турган болсо анда атайы чаралар колдонулат», - деп айткан премьер 16-майда өткөн өкмөттүн жыйынында. Премьер ошондой эле, эгерде бул маселе чечилбей турган болсо, кыргызстандык экспортерлор бир топ кыйынчылыкка дуушар болорун эскерткен.

Ал эми вице-премьер Олег Панкратовдун берген маалыматына караганда, ЕАЭБ өлкөлөрүндө 35 техрегламент иштейт. 12-августтан кийин Кыргызстанда 34 регламент колдонула баштайт. Башкача айтканда, азык-түлүк, темир жол, жеңил өнөр жай, балдар жана өспүрүмдөр үчүн тамак-аш жана кийим кече, атыр, косметика жана тамеки үчүн жаңы эрежелер киргизилет.

«Ар бир техникалык регламентке жооптуу мамлекеттик орган аныкталган. Бул техрегламенттердин күчүнө кирүүсү менен үчүнчү өлкөлөрдүн мыйзамсыз продукцияларынан жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бирдиктүү укуктук талааны түзүүгө мүмкүнчүлүк берет», - деп маалымдайт КР Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров. Анын айтымында, техникалык регламентти ишке ашыруу менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында товарларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө мүмкүндүк туулат.

Жаңы экспорттук эрежелердин критерийлери улуттук мыйзам менен башкарылып турат, ал эми алардын күчүнө кирүүсүн жана шайкештигин баалоону профилдик мамлекеттик органдар жөнгө салат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигитамак-аш өнөр жайынын коопсуздугу боюнча 8 техрегламентке жооп берет.

Бул министрликтин Азык-түлүк жана кайра иштетүү боюнча бөлүмдүн жетекчиси Атамбек Ботоев, азык-түлүк коопсуздугу боюнча регламентти сактоо Бажы биримдигинин эң негизги талаптарынан бири экенин айтып. “Өлкөдө продукциянын азык-түлүк коопсуздугун тастыктоо боюнча 19 лаборатория иштейт жана шайкештик сертификаты 6 орган аркылуу берилет. Текшерүү борборлору жана сертификаттарды берүүчү органдар бардык чоң шаарларда иштейт. Мындайча ишкерлердин убактысы, о.э. сапатын жана коопсуздугун аныктоо үчүн кетирген акчасы да үнөмдөлөт” – дейт.Калган техрегламенттин арасында: «Каптоонун коопсуздугу», «Жашылча-жемиш ширеси азыктарына карата техникалык регламент», «Май азыктарына карата техникалык регламент», «Тамак-аш кошулмалары, жыт кошулмалары жана технологиялык кошулмаларга карата техникалык регламент», «Сүттүн жана сүт азыктарынын коопсуздугу», «Эттин жана эт азыктарынын коопсуздугу» бар. Өндүрүүчүлөр тиешелүү лабораториялардан продукцияларынын техрегламентке ылайыктуу экенин аныктап, сертификат ала алышат.Алардын ичинен маркировкалоонун гана критерийлер азырынча аныктала элек.

Темир жол тармагында 2 техрегламент ишке кирет - «Темир жолунун кыймылдуу курамынын коопсуздугу жөнүндө» жана «Темир жолунун ички түзүмүнүн коопсуздугу жөнүндө». КР транспорт жана жолдор министринин орун басары Гульмира Абдралиеванын айтымында, биринчи регламент боюнча, темир жолдун кыймылдуу курамы жана бөлүктөрүн иштеп чыгуу, модернизациялоо жана даярдоо иштери жүргүзүлөт. Сыноо жүргүзүү жана бузбай турган текшерүү лабораториялары «Кыргызтемир Жолу» мамлекеттик ишкана тарабынан түзүлгөн.

Өнөр жай, энергетика жана тоо-кен боюнча мамлекеттик комитети 4 техрегламентти киргизүү боюнча милдеттенме алды: «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу», «Эмеректердин коопсуздугу», «Лифттердин коопсуздугу», «Жарылгыч материалдардын жана алардын негизинде жасалган азыктардын коопсуздугу». Комитеттин берген маалыматына караганда, учурда өлкөдө эки даана аккредиттелген лаборатория иштейт. Алар жеңил өнөр жай жана эмерек жаатына багытталган лабораториялар.

Булардан сырткары 5 техрегламентти КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти карайт. Департаменттин директору Төлө Исаковдун айтымында, бул ишкана төмөндөгү техрегламенттерди көзөмөлгө алат: «Оюнчуктардын коопсуздугу», «Парфюмердик-косметикалык продукциянын коопсуздугу», «Балдар жана өспүрүмдөр үчүн товарлардын коопсуздугу», «Атайы азыктардын (дарылоочу жана диеталык тамак-аш) коопсуздугу», «Тамеки азыктарынын коопсуздугу жөнүндө». Лабораториялардажогоруда айтылган азыктардын бардыгы физико-химиялык, микробиологиялык изилдөөлөргө алынат. Кыргызстан бул товарларды чыгарбаса да, алардын коопсуздугун ырастаган документтердин болушу зарыл.Болбосо, ал продукциялар кармалып жок кылынат. Бул боюнча, эгерде товарлар техрегламенттин талабына жооп бербей турган болсо, коопсуз азыктарды жок кылуу укугун бардык ЕАЭБ өлкөлөрүнөберүү демилгеси көтөрүлүп жатат.

Учурда кыргыз өкмөтү жаңы сыноо борборлорун ачуу жана иштеп жаткан лабораторияларды керектүү жабдыктар менен жабдуу боюнча иш алып барууда. Акыркы учурларда аймактарда фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар курулуп, чекарадагы текшерүү пункттары жаңыланып жатат. Өкмөт башчы С.Жээнбеков бул сыноо борборлорунун ачылышына өзү катышып, жасалган иштерди текшерип жатат.

"ЕАЭБне кирүүдө Кыргызстандын карантиндик-фитосанитардык лабораториялар системасы бул биримдиктин талаптарына жооп бериши керек. 2017-жылы Баткен, Нарын жана Жалал-Абадоблустарында да фитосанитардык лабораториялар ишке кирет.Ошону менен эле бирге Каракол, Балыкчы, Талас жана Баткенде ветеринардык лабораториялар курулат", - деп билдирди өкмөт башчысы С.Жээнбеков Ысык-Көлдүн Түп районундагы өсүмдүктөрдү карантиндөө лабораториясынын ачылышында.

Жалпысынан алып карасак, азыркы күндө өлкө боюнча азык-түлүктү изилдөө боюнча лабораториялар менен камсыздоо 100%га ишке ашырылса, парфюмердик-косметикалык товарлар боюнча 85%, ал эми балдар үчүн оюнчуктарды текшерүү 60%га ишке ашкан. Төлө Исаковдун айтымында, Орусиянын финансылык жардам көрсөтүүсү менен жакында оюнчуктар боюнча лабораториялар көбөймөкчү. Мындан сырткары, жакында эле текшерүүдөн өтүү үчүн айлап күтүп жүргөн өндүрүшчүлөр үчүн эми Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан табылган 260 миң доллардык донордук каражатка бир канча саат жана күн ичинде анализ жана текшерүү жүргүзө турган заманбап жабдыктар алынган. Ошону менен бирге коопсуздук стандартына ылайыктуулугун текшерүү иши Казакстанга караганда алда канча арзан турат.

Эми, өкмөттүн экспорттоо шарттарын жеңилдетүү боюнча жасаган аракеттери өндүрүшчүлөрдүн жоопкерчилиги менен бекемделиши зарыл. Себеби, көпчүлүк учурда өндүрүшчүлөр чек арага барып алып анан документтерин жасай баштайт. Акыркы учурларда коңшу өлкөлөр сертификаттардын жетишсиздигинен улам аларды кайра артка жөнөтүп аткан убактар да көп болуп жатат.Ошондуктан өндүрүшчүлөрдүн бул жаңы техникалык регламенттерди өздөштүрүп, аларды каттоо жолун, сертификат алууну үйрөнүүсү үчүн өлкө боюнча маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп жатат.

«Ишкерлер 2017-жылдын 12-августунда азыркы регламент күчүн жоготуп, ЕАЭБнин жаңы техрегламенттери күчүнө кирерин түшүнүүсү зарыл», - дейт вице-премьер-министр Олег Панкратов.Кыргыз Өкмөтү жергиликтүү ишкерлерди экспортту өнүктүрүү менен импортту алмаштырууга чакырат. Мындай механизмдердин бири премьер С.Жээнбеков бекиткен - «Экспорттоого жана импортту алмаштырууга багытталган 1-ишканаларды каржылоо» токтому. Бул боюнча жогорудагы көрсөткүчтөргө жооп берген ишканалар бул жыл ичинде жеңилдетилген насыя ала алат. Долбоордун фонду 350 миллион сомду түзөт.

Жогоруда аталган техникалык регламенттер интеграциялык биримдиктеги бардык өлкөлөрдүн аймагындатүздөн-түз иштейт жана тоскоолдуксуз ишке ашырылат.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий