• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы өтмөктө даараткана бар, сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Коом 0

Бишкек, 13.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер өтмөгү оңдоодон кийин ачылып, анда шаар мэри Албек Ибраимов куттуктоо сөз сүйлөдү.

Анын айтымы боюнча, жер өтмөгү 1979-жылы курулуп, ремонт иштери көптөн бери жасалган эмес. Ошондуктан калаа тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Калаа башчынын айтымында, өтмөктө соода кылган сатуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

“Өтмөктүн ремонт иштери үчүн шаардык казынадан 32 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө бардык ремонт иштери аягына чыкты. Толугу менен 8 тепкичтик аянтча жаңыланып, андан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарттар түзүлгөн”,-деди ал.

Маалыматка ылайык, октябрдын аягына чейин мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Россиянын өндүрүүчү ишканасы тарабынан алынып келине турган электрондук илгичтер орнотулат.

Эске сала кетсек, оңдоп-түзөө иштери үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда башталган.

Пикир

Оставить комментарий