• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы троллейбустар июндун аягында каттамга чыгат – мэрия

Коом 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. Бишкектеги жаңы троллейбустар үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягында каттамга чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында биринчи вице-мэр Ренат Макенов билдирди.

Ал маалымдагандай, келишимге ылайык бардыгы болуп 52 троллейбус келиши керек. Алардын Россиядан алынып келинет.

“Бүгүнкү күндө 5 даана келди. Июндун аягында бардыгы келет. Учурда биз Бишкектин көптөгөн көчөлөрүн оңдоп жатабыз. Жаңы троллейбустар үчүн линиялар даярдалып, айрымдары узартылып, жаңы жолго кошуп жатабыз”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий