• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы Зеландияда мечитке кол салуу болуп, кеминде 40 киши өлдү

Дүйнө 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы эки мечитке куралдуу кол салуу болуп, кеминде 40 киши каза болду. Дагы ондогон адам түрдүү жаракаттары менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министр Жасинда Ардерн билдирди.

The New Zealand Herald гезитинин маалыматына караганда, кол салууга шектелген төрт адам, анын ичинде бир аял кармалды. Алар жанаша жайгашкан мечиттерге кирип барып, андагы адамдарды аткылашкан. Колго түшүрүү маалында алардын жанынан курал-жарактар жана жардыруучу заттар табылган. Азырынча бул чабуулга канча адам катышканы так белгисиз.

Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, кол салгандардын бири австралиялык. Чабуулдун алдында ал мигранттарга каршы көз карашын билдирип, манфест жазып калтырган. Анда «Бул террордук акт», деп жазылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча чабуулга катышкандардын биринин аты-жөнү Брентон Таррант. Ал мечитке кол салууну интернетте түз эфирде көрсөткөн.

Өлкөнүн премьер-министри Жасинда Ардерн кол салууну болуп көрбөгөндөй зомбулук актысы деп атады. «Бул өлкө тарыхындагы эң оор күндөрдүн бири болуп калат», — деди ал.

Бул окуядан кийин коопсуздук максатында Жаңы Зеландиядагы бардык мечиттер убактылуу жабылды.

Пикир

Оставить комментарий