• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Адам уурдоо жана тоноо — жаңы ЖПКда тараптардын элдешүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилди

Коом 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Жазык-процесстик кодекстин (ЖПК) сунушталып жаткан редакциясында тараптардын элдешүүсү боюнча мүмкүнчүлүктөр кеңейтилди. Бул тууралуу “КРнын Жазык, Жазык-процесстик кодексинин жана Административдик мыйзам бузуулар кодекстеринин жаңы редакциясы жөнүндө”, ошондой эле “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” аттуу тегерек столдо “Стратегиялык чечим” коомдук фондунун эксперти Ирина Летова билдирди.

Анын айтымында, атап айтканда өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү, кыйноо, трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алып салууга мажбурлоо, адамдын органын же тканын трансплантациялоодо мыйзамда белгиленген тартипти бузуу, аларды мыйзамсыз сатуу, кош бойлуулукту мыйзамсыз токтотуу, адамды мыйзамсыз уурдоо, адам сатуу, баланы алмаштыруу, адамга мыйзамсыз эксперименттерди жасоо, сойкулукка тартуу, мыйзамсыз түрмөгө отургузуу, эмгекти (кул эмгегин) мажбурлоо, чыныгы никеге турууга мажбурлоо, адамды никеге турууга мажбурлоо, диний ырым-жырымдар учурунда нике курагы жөнүндө мыйзамды бузуу сыяктуу кылмыштар үчүн тараптардын элдешүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда.

Мындан тышкары, тараптардын элдешүүсү жашы жете электерди чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышуулар же согуш аракеттеринин аймагына чыгаруу, мыйзамсыз кармоо жана түрмөгө камоо, талап-тоноо, мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), рейдерлик аракеттер, коомдо терроризмге элди чакыруу, кемени басып алуу же тартып алуу, экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо жана башкаларга дагы тиешелүү.

Азыркы Жазык-процесстик кодексте бардык анча оор эмес кылмыштар боюнча тараптардын элдешүү мүмкүнчүлүгү жазылган.

Ошондой эле, учурдагы кодекске ылайык, анча оор эмес кылмыштар боюнча гана элдешүү мүмкүн болгон (21 кылмыш курамы аныкталган).

Пикир

Оставить комментарий