• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жыл алдында бир катар депутаттарга сыйлыктар тапшырылды. Тизме

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүн, 26-декабрында өтүп жаткан жыйынында бир катар депутаттарга Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен энчилүү сааттары, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын сыйлыктары тапшырылды. Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков тапшырып, сыйлык ээлеринин мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

I. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемесине ылайык Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышат:

Абжалиев Алиярбек Токобекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Конушбаев Тынчтыкбек Кадырбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Тотонов Нурбек Темирбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Юсуров Абдумажит Лелезович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

II. Парламенттер аралык ассамблеянын жана анын органдарынын ишине активдүү катышкандыгы, кызматташтыкка катышкан мамлекеттердин элдеринин ортосунда достук мамилелерин чыңдоого кошкон салымы үчүн:

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Содружество» ордени менен сыйланат:

Сулайманов Алтынбек Турдубаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир-Бол” фракциясынын лидери;

“Парламенттик кызматташтыкты бекемдөө үчүн” Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын медалы менен сыйланат

Исаева Динара Шертаевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышат:

Мамытов Талант Турдумаматович – “Республика-Ата Журт” парламенттик фракциясынын Лидеринин орун басары;

Жамалдинов Зиядин Исламович – “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын Лидеринин орун басары;

Керезбеков Канат Керезбекович - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы;

Чойбеков Руслан Нуркалиевич - Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

Мамашова Айсулуу Турусбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

III. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА), анын органдарынын ишмердүүлүгүндө активдүү катышкандыгы жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого кошкон салымы үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Ардак грамотасы төмөнкүлөр сыйланышат:

Бакчиев Жаныбек Абдукапарович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Гайпкулов Искандер Төрөбаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Мусабекова Жылдыз Аманбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Турсунбеков Чыныбай Акунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Шайназаров Тынчтык Урайимович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Шарапов Закир Эшматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

IV. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө жана парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий ишмердиги үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааты менен төмөнкүлөр сыйланышат:

Зулпукаров Төрөбай Закирович – КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары;

Рыспаев Кожобек Жайчыбекович - Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы;

Асылбаева Гүлшат Кадыровна - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары;

Турсунбаев Азизбек Атакозуевич - Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;

Алтыбаева Айнуру Тойчиевна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Алтынбеков Айбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Субанбеков Бакирдин Жамалович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Тулендыбаев Пархат Розымович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Шер-Нияз Садык - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

Пикир

Оставить комментарий