• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы жыл майрамында пиротехниканы колдонууда өрт коопсуздугун сактоо үчүн эскертме

Коом 0

Бишкек, 31.12.18 /Кабар/. Жаңы жылдын алдында ӨКМнин басма сөз кызматы пиротехникаларды кантип туура пайдалануу керектигин эске салат.

Эгерде сиз майрамдоо пиротехниканы колдонууну пландаштырып жатсаңыз, анда маанилүү маалыматты эстеп калыңыз:

Пиротехникалык буюмду тандоо:

– колдон жасалган пиротехникалык буюмдарды пайдаланбаныз.

– пиротехникалык буюмдарды сатып алып жатып, кунт коюңуз, шайкештик сертификатынын, мамлекеттик тилдеги нускаманын бардыгын, жарактуулук мөөнөтүн текшериңиз.

– бардык пиротехникалык буюмдар менен колдонуп атып, өтө кунт коюу менен алардын нускамалары менен таанышыңыз жана көрсөтүлгөн коопсуздук аймактарына өзгөчө көңүл буруңуз.

Пиротехника менен иштөөдөгү коопсуздуктун негизги эрежелери:

– пиротехникалык буюмдарды пайдалануудан мурда фейерверкти Сиз кайсы жерде колдоносуз, кандай пиротехникалык буюмдарды пайдаланасыз жана аны кантип уюштурасыз.

– фейерверк үчүн орунду тандаңыз. Эн мыкты жер бул учүн ачык аянт,короо, сквер же курулуштары жана бак дарагы болбогон ачык жер эсептелинет.

– тандалган жерди тыкандык менен карап чыгыңыз, жакын жерде (100 метр тегеректе) өрт коркунучу бар обьектилер, автомобилдердин токтоп туруучу жайы, жыгач сарайлар жана гараждар ж.б.у.с. болбошу керек.

Эгерде сиздин короо чакан жана тар болсо, анда сиз чектелген ассортимент менен, негизинен жерге жакын аракет кылган буюмдар менен пайдалансаңыз болот: петардалар, тарс этмелер, оттуу айлампалар жана дөңгөлөктөр менен, бирок эч качан жогору учкан буюмдар-ракеталар, көпөлөктөрдү пайдалануудан алыс болуңуз.

Жогорудагы жардыруучу заттарды турак үйлөрдүн жана башка курулуштардын жанында пайдаланууга тыюу салынат, себеби алар терезеге же форточкага кирип кетиши мүмкүн, чердакка же тамдын үстүнө учуп түшүп, өрттүн себепкери болушу мүмкүн. Ошондуктан үйдөн алысыраак кетип, ылайыктуурак жерди табууга аракет кылыңыз.

Тыюу салынат:

– салюттарды колдон учурууда (тарс этмелерден, бенгал отторунан, фонтандардын айрым түрлөрүнөн тышкары) жана алар иштегенден кийин 2 мүнөт ичинде жакындоого.

– Аларды пайдаланууда анын үстүнөн эңкейүүгө.

– Нускамада жана ушул коопсуздук чараларында каралбаган башка аракеттерди жасоого, ошондой эле даяр буюмдарды чачууга жана кайра өзгөртүүгө.

– Пиротехниканы жабык жайларда, квартираларда, офистерде колдонууга( жабык жайларда колдонууга уруксат берилген тарс этмелерден, бенгал отторунан жана фонтандардан башка).

– Балдарга өз бетинче пиротехникалык буюмдарды аракетке келтирүүгө.

– Суу болгон пиротехникалык буюмдарды жылыткыч приборлордо-жылуулук батареяларында, жылыткычтарда ж.б. кургатууга.

Эскертүү: Эгерде күйгүзүлгөн петарда атылбаса, аны ачпагыла! Аны үңүлүп карабагыла, кулакка тыңшабагыла, себеби так ошол учурда ал жарылып кетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий