• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

29-31-декабрь күндөрү жана 1-2-январларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-31-декабрларда жана 1-2-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-декабрларда жана 1-2-январь күндөрү Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

29-31-декабрда жана 1-2-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-декабрларда жана 1-2-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

29-декабрда түнкүсүн Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-декабрда күндүз, 30-31-декабрларда жана 1-2-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

29-31-декабрларда жана 1-2-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

29-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз жана 2-январда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-январда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-январга чейин Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

29-31-декабрларда жана1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз жана 2-январда Каракол шаарында мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда 2-январга чейин күтүлгөн аба ырайы

29-31-декабрларда жана 1-2- январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Пикир

Оставить комментарий