• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылда кар жаайбы? 31-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-декабрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 25-декабрда тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунун чыгышындабир-аз кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

26-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

27-декабрь күнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-29-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болот.

30-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, 30-декабрда күндүз жана 31-декабрда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий