• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы жылда Ноокаттагы байлардын үйлөрүн тоноону пландаштырган бала кармалды

Аймак 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Жаңы жылда Ноокаттагы байлардын үйлөрүн тоноону пландаштырган бала кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлерине Ноокат районундагы колунда бар адамдары тууралуу маалымат чогултуп, Жаңы жылдык майрамдын алдында алардын үйлөрүн карактоого даярданып жаткан адам жөнүндө кабарланган.

Декабрь айынын ортосунда ыкчам-иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери мурда соттолгон 25 жашар Н. А. кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү Ноокат районунун бардар адамдары жөнүндө маалымат чогултуп, майрамдын алдында аларды карактоону пландап жатканы аныкталган.

Азыркы тапта шектелүүчү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий