• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы жылдан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү кескин өсөт

Экономика 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. 2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанга ташып келинген автоунаалардын бажы төлөмү 11 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын (МБК) басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2019-жылдын 31-декабрында жеке адамдар тарабынан колдонуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн ташып келинген транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңилдиги бүтөт.

«2020-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) 2017-жылдын 20-декабрында кабыл алынган чечими менен бекитилген Кыргызстанда жеке адамдар үчүн транспорт каражаттарына киргизилген тарифтер күчүнө кирет», - деп кошумчалашты Бажы кызматынан.

Алсак, 2009-жылы чыккан Toyota Camry автоунаасынын (кыймылдаткычынын көлөмү 2,5 миң куб) бажыдан өткөргөн баасы 1 миң 250 доллар (31-декабрь) болсо, 2020-жылдын 1-январынан тарта 13 миң 600 АКШ доллары болот.

Пикир

Оставить комментарий