• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жаңы жылдык боз үй: Германияда жаңы жылдык жарманке кандай өтүп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Германиянын Ольпы шаарында жаңы жылдын “Weihnachtsmarkt in Olpe” жарманкеси өтүп жатат, ал жерде кооздолгон кыргыз боз үйү турат. Бул тууралуу интернет колдонуучу Еugen.seibert билдирет.

Видеодо көрүнүп тургандай, боз үй атайын жарыктар менен кооздолуп, ичинде шырдак салынып турат. Боз үйдүн борборунда улуттук баш кийимдер илинип, кире беришинде Кыргызстан тууралуу жазылган маалымат тактайды көрүүгө болот.

Боз үй жарманкенин конокторун абдан таң калтырды, айрымдары ичине кирип, кээ бирлери сыртында боз үйдүн кооздугуна суктанып карап турушту.

Пикир

Оставить комментарий