• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылдык дасторконго 5 мүнөттө даярдалуучу салаттар

Дүр дүйнө 0

Ар бир айым жаңы жылды тосуу алдында дасторконго кандай тамактарды жана салаттарды жасоо керек деп ойлонот эмесби. Биз жаңы жылдык майрамды утурлай майрамдык дасторконго коюлуучу салаттардын айрымдарын чогулттук. Бул салаттардын жасоо ыкмасы абдан оңой. Аларды даярдоого ашып кетсе 5 мүнөт убакыт кетет.

№1. Консервацияланган кызыл буурчак менен салат

Керектелүүчү азыктар:

  • жумуртка — 3 даана.;
  • консервацияланган кызыл буурчак — 100-150 г;
  • помидор — 2 даана. (150 г);
  • майонез — 2-3 кашык.

Даярдоо ыкмасы: Помидорду жана жумуртканы төрт бурчтук кылып туурайбыз. Буурчакты суусунан бөлүп, кургатып алабыз. Баардык азыктарды аралаштырып, майонез кошобуз. Каалагандар кытырак нандарды кошуп койсо болот.

№2. Салат “Сүйүктүүмө”

Керектелүүчү азыктар:

  • дымдалган колбаса — 150 г;
  • сыр — 150 г;
  • сабиз — 150 г;
  • майонез — 2-4 кашык;
  • сарымсак — 1 баш.

Даярдоо ыкмасы: Сабизди чоң теркадан өткөрөбүз. Колбасаны туурап кошобуз. Сырды төрт бурчтук формасында кесебиз. Баардык азыктарды аралаштырып, сарымсак кошуп, майонез менен толуктап коебуз.

№3. Салат “Кызыл деңиз”


Керектелүүчү азыктар:

  • краб таякчалары — 150 г;
  • кызыл болгар калемпири — 150 г;
  • помидор — 200 г;
  • сыр — 150 г;
  • майонез — 2-4 кашык;
  • сарымсак — 1 баш.

Даярдоо: Краб таякчаларын, калемпир жана сырды узун кылып туурайбыз. Сарымсакты майонез менен аралаштырып ийдишке салып алабыз. Үстүн жашылчалар, икра жана краб таякчалары менен кооздоп коебуз.

Тамагыңыз таттуу болсун! Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

Пикир

Оставить комментарий