• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы жылдык дасторконго өзгөчө рулет

Дүр дүйнө 0

Керектелүүчү азыктар:

Тооктун эти - 3-4 даана

Сыр - 50 г

Чипсы - 100 г

Кам каймак – 4 аш кашык

Болгар калемпири – ар башка түстөгү 2 даана

Жумуртка - 1 даана

Көк – 1 боо

Салат жалбырагы

Туз татымына жараша

Тооктун этин жакшылап жууп, кургатасыз.

Ортосунан жука тилип, жалпак түрүндө жанчуу керек.

Андан соң эки тарабын туздап, кам каймак сүртүп, майдаланган сыр себесиз.

Болгар калемпирин узун кылып туурап кошобуз.

Рулетти ороп, таякчалар менен бекитүү зарыл.

Андан соң, рулетти чалынган жумурткага салып, майдаланган чипсыга оонатабыз.

5-6 мүнөттө ары-бери оодарып, майда даяр болгончо бышырабыз.

Даяр болгон рулеттерди пергаментке ороп, майын агызуу кажет.

Бөлүктөргө бөлүп, салат жалбырагы менен кооздоп тарелкага салып, майрамдык дасторконго кое берсеңиз болот.

Тамагыңыз таттуу болсун! Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!

Пикир

Оставить комментарий