• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаңы жылдык кечеге кандай көйнөк кийүүгө болот?

Дүр дүйнө 0

Мына көз ачып-жумгуча сыйкырдуу саналган Жаңы жыл майрамы келип калды. Эми жаңы жылдык кечелер башталат. Бул мезгилде кыздар үчүн эң маанилүү маселе жаралат - көйнөк тандоо. Кийим тандоо бул абдан жоопкерчиликтүү иш экени талашсыз. Өзүбүздүн табигый сулуулугубузду баса белгилөө менен бирге баарынан өзгөчөлөнгөн көйнөктү табуу керек.

Кийимди майрамдык кеченин түрүнө жараша тандоо керек. Ресторандагы кечеге кийе турган көйнөк, кеңседе өтүүчү корпоративдеги кийимден айырмаланып туруусу абзел. Көпчүлүк адамдар көйнөктүн түрүн келе жаткан жылдагы жаныбардын маанайына жараша тандоону туура көрүшөт. Келе жаткан жыл ит жылы. Ит - тынч, жөнөкөй жандык болгондуктан, жаңы жылдык маарекеге абдан ачык түстөгү эмес, жөнөкөй образ түзүүгө уруксат берилет. Ырымга ишенгендер үчүн сары, күрөң, кара, жашыл, сарыгыч түстөр ыңгайлуу болот. Бирок, албетте ар ким өзүнө жарашкан түстөгү жана фасондогу көйнөктү тандаса эң туура болот.

Ресторандагы кече

Эгер кече ресторан же кафеде өтө турган болсо, кооз кечки көйнөк ылайыктуу болот. Албетте биринчи эле ойго жер чийген, узун көйнөк келет. Дүйнөлүк модага ылайык төмөнкү фасондор эң саркеч деп таанылган.

Бою кичирээк келген айымдарга тизеден келген көйнөктөр жакшы вариант болот. Ал эми жер чийген көйнөктөрдү такасы бийик бут кийим менен кийүү керек.

Ресторанга кийип барууга дагы бир вариант асты-үстү болгон кийимдер.

Кеңседе өтүүчү жаңы жылдык кече

Эгер жаңы жылдык кече көнүмүш иш ордунда өтө турган болсо, бул кайгырууга себеп болбош керек. Анткени кеңседеги майрамга ылайыктуу көйнөктөрдүн түрү чыгууда. Негизгиси ал кооздук жөнөкөй же жайкы көйнөк болбош керек. Азыр мода толкунунда жылтыраган материалдар болгондуктан, бул материалдагы көйнөктүн өзүңүзгө жарашкан фасонун тандап алсаңыз болот.

Комбинезон

Иш ордунда өтүүчү маарекеге көйнөк гана кийүү шарт эмес. Азыркы учурда кечки комбинезондордун популярдуулугу өсүүдө. Мындай кийим менен сиз сөзсүз көпчүлүктөн айырмаланасыз.

Костюм

Кооз, саркеч костюм – жаңы жылдык кечеге жакшы тандоо болот. Олуттуулук менен кооздукту айкалыштырган бул образ көп адамдын эсинде калат.

Кара көйнөк

Албетте айымдардын эң сүйүктүү кийими болгон кара көйнөк ар дайым модада. Бул кийим ар бир айымга, ар бир фигурага жарашат. Бирок аны кооз аксессуар менен толуктоону унутпоо керек, бул абдан маанилүү. Төмөндө кара көйнөк менен айкалышкан аксессуарлар көрсөтүлгөн.

Кечеге даярданууда бир нерсени эстен чыгарбаңыз, тандаган көйнөк сиздин жан дүйнөңүзгө жакын болуш керек. Дал ошондо гана кечеден канааттануу ала аласыз.

Даярдаган Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий