• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жаңы жылдык майрамдан соң, Ала-Тоо аянтынан сегиз жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 01.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдан соң, сегиз жүк ташуучу унаа таштанды чыгарылды. Бул тууралуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чарадан соң, аянтты тазалоого 60 жумушчу жана 6 атайын техника тартылган.

Каракеева билдиргендей, жумушчулар өз милдеттерин жарым саатын ичинде бүтүрүшкөн. Жыйынтыгында 10-11 тонна таштанды чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий