• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылга чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай болот?

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. 27-декабрда жана 28-декабрда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

28-декабрда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат: ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

29-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

30-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорундакар жаашы күтүлөт.

30-декабрда күндүз жана 31-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, 31-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий