• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жаңы жылга карата коомдук коопсуздукту 10 миңден ашык милиция кызматкери карайт

Коом 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Жаңы жылдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту кароого 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Санжарбек Ибраимов билдирди.

"Жаңы-жылдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга 10 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат. Анын ичинен Бишкек шаарында 2 миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барат", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын 30-декабрынан тарта 2020-жылдын 1-январына чейин КР ички иштер органдарынын өздүк курамы "Жогорулатылган күжүрмөн даярдыкта кызмат өтөөгө өткөрүлөт.

"Ички иштер органдарынын имараттары, убактылуу кармоочу жайлар, өзгөчө мааниге ээ болгон, стратегиялык жана кайтаруудагы объектилер, жашоо тиричиликти камсыз кылуучу объектилер (элчиликтер, резиденциялар, чет өлкөлүк өкүлчүлүктөр, банктар, курал-жарактар, ок-дарылар, жардыруучу заттар сакталуучу жайлар, суу сактагычтар жана суу түтүкчөлөрү) күчөтүлгөн кайтарууга алынат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий