• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаңы жылга карата кыргыз-кытай чек арасы жабылат

Коом 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Жаңы жылга карата 29-декабрдан 2-январга чейин Кытай тараптын демилгеси менен кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрмө пункттары жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ал өткөрмө пункттар 2019-жылдын 2-январынан тарта унааларды, жарандарды жана жүктөрдү өткөрө баштайт.

Пикир

Оставить комментарий