• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаңы жылга карата троллейбустар жаңы багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда Жаңы жылга карата 8 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү жаңы багыт боюнча ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кечки саат 22:00дөн баштап троллейбустар "Ала-Тоо" аянтына барып, жүргүнчүлөрдү төмөнкү даректер боюнча ташыйт:

№2 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Аламедин-1;

№4 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Булгаары заводу (Кожзавод);

№7 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Тунгуч кичи району;

№8 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – "Ак-Өргө" конушу;

№10 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Асанбай кичи району;

№14 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Жал кичи району;

№14 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Киркомстром кичирайону;

№17 троллейбус "Ала-Тоо" аянтынан – Асанбай кичи району, Карл Маркс көчөсүнөн кийинки бөлүгү.

Ошондой эле Жаңы жылга караган түнү 8 автобус жана 700гө жакын маршрутка иштейт.

Ал эми 1-январдан тарта 74 троллейбус эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Пикир

Оставить комментарий